БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Улуттук тарых музейинде Баткен окуяларында набыт болгондорго арналган "Чек арада чептей туруп курман болгон кыргыздын кыраандарына таазим" деген аталышта сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Анда быйыл сентябрда тажик тараптын баскынчылыгына каршы туруп курман болгон 49 жоокердин портреттери расмий түрдө мамлекеттик сактоого Улуттук тарых музейине өткөрүп берилген.
Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Алтынбек Максутов, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук, маданий ишмерлер жана жоокерлердин жакындары катышкан.
"Сөз алгандар кырчындай болгон жаш жигиттердин эрдигине таазим кылып, аларды сыймык менен эскерүү кийинки урпактардын милдети экенин белгилеп, алар жөнүндө маалыматтар окуу китептерге киргизилиши керек деген пикирин билдиришти. Ал эми министр өз сөзүндө эркиндикти туу туткан элибиздин уулдары кандай кыйынчылык болбосун эли-жерин коргоп келе жатканын тарых тастыктап келгенин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ал көргөзмөнү уюштурган журналисттердин тобуна ыраазычылык билдирип, мындай иш-чараларды ар дайым колдоого аларын билдирген.
Эске салсак, 14-17-сентябрдагы тажик тараптын кол салуусунан 63 кыргызстандык набыт болду, анын 49у аскерлер, калганы жай тургундар менен жаш балдар. 169 киши ар кандай жаракат алган. Жалпысынан 1 158 объект талкаланган, анын 613ү — турак үй.