Акжол Махмудов "Азиянын эң мыкты балбаны" деп табылды

UWW Asia олимпиадалык стиль боюнча 2022-жылдын мыктыларын аныктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов Азиянын мыкты балбаны аталды. Бул туурасында Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун Азиядагы өкүлчүлүгү (UWW Asia) социалдык тармактагы расмий баракчасына жазды.
UWW Asia олимпиадалык стиль боюнча 2022-жылдагы Азиянын мыкты балбанын аныктаган.
Ага ылайык, грек-рим күрөшүнөн Махмудов мыкты болду. Ал эми эркин күрөштөн япониялык Таиси Нарикуни, кыз-келиндер категориясынан казак кызы Жамиля Бакбергенова балбандардын алдыңкысы аталган.
Акжол Махмудов — грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык биринчи дүйнө чемпиону, Токио Олимпиадасынын күмүш медаль ээси. Эки ирет Азия чемпиону болгон.
UWW: Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков — тарых жаратуучулар. Видео