УКМК: Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатынын жери мамлекетке кайтарылды

Пансионат мамлекетке өтөбү-жокпу деген суроого УКМК азырынча жооп бере албасын, бардыгын сот чечерин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы "Акун" пансионатынын 17,65 гектар жери мамлекеттин балансына кайтарылганын УКМК билдирди.
Кеп 371 миллион сомдук (4,3 миллион доллар) тилке жөнүндө болуп жатат. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 2008-жылы Ысык-Көл райондук соту жерди жеке менчикке мыйзамсыз берген.
1 / 3

Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы "Акун" пансионатынын 17,65 гектар жери мамлекеттин балансына кайтарылганын УКМК билдирди

2 / 3

Кеп 371 миллион сомдук (4,3 миллион доллар) тилке жөнүндө болуп жатат

3 / 3

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 2008-жылы Ысык-Көл райондук соту жерди жеке менчикке мыйзамсыз берген

Пансионат мамлекетке өтөбү-жокпу деген суроого УКМК азырынча жооп бере албасын, бардыгын сот чечерин кошумчалады.
Белгилей кетсек, "Акун" пансионаты Кара-Ой айылында жайгашкан. Парламенттин экс-спикери, ишкер маркум Чыныбай Турсунбековдун үй-бүлөсүнө тиешелүү.
4,4 миллион сом зыян кылган. Кенди мыйзамсыз иштеткен компаниялар аныкталды