Ысык-Көлдө 31-декабрга чейин аба ырайы кандай болот?

Жыл жаңырар күнү кар жаабайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Алдыдагы аптада Ысык-Көл облусунда аба ырайы кандай болорун Кыргызгидромет агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, айрым күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
25-29-декабрда жана 30-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 30-декабрда күндүз айрым жерлерге кар түшөт.
Жыл жаңырар күнү кар жаабайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
АКШдагы бороондон кеминде тогуз адам каза болду