Кадырбек Мураталиев көрөрманды шылдыракта ойноодогу өзгөчөлүгү, аткаруу чеберчилиги менен өзүнө тартат. Аккордеончу Коңурбай Айдаров менен бирге көп жылдардан бери республиканын булуң-бурчуна чакырылып, элдин жакшылыгына кызмат кылып келет. Ал эмес Алматыга чейин чакыруулар түшөт.
Кадырбек Мураталиев таланттуу үй-бүлөдөн чыккан. Апасы да жакшы ырдачу. Атасы Текебай Мураталиев айтылуу "Сүйүүнүн күчү керемет" деген белгилүү ырдын автору. Өмүр бою Токтогул элдик театрында иштеп, Асанкалый Керимбаевдин, Шахра Талипованын жана Темирлан Сманбековдун алгачкы устаты болгон.
Маданияттын мыкты кызматкери Кадырбек Мураталиев Токтогул элдик театрына 40 жылдан ашык өмүрүн арнап иштеп келет. Эки уулдун атасы. Жубайы Турсункан Мураталиева да маданият кызматкери.
Тема боюнча: