Жапаров Баткенге барып, чек ара жаңжалынан талкаланган үйлөрдүн курулушун көрдү

Баткенде президент куралдуу кол салуудагы кагылышта көз жумган маркумдун жакындарына көңүл айтып, куран окуган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында 14-17-сентябрда Тажикстандын куралдуу кол салуусунун кесепетинен жергиликтүү тургундардын үйлөрү талкаланган Баткен районунун Ак-Сай жана Капчыгай айылдарына барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
"Мамлекет башчы турак жайлардын курулушунун жүрүшүн көрдү. Ага учурда Ак-Сай айылында 51 үй курулуп жатканы боюнча айтып беришти. Бардык үйлөрдүн пайдубалын түптөө иштери бүткөрүлүп, 17 үйдүн дубалы, бешөөнүн чатырын жабуу аяктаган. 14үнүн дубалдары, ички жасалгасы боюнча иштер жүрүп жатат", — деп айтылган маалыматта.
Турак жайларды көрүп жүрүп Жапаров каргашалуу окуянын кесепетинен уулунан ажыраган жергиликтүү тургундардын биринин жаңы курулуп жаткан үйүнө кирип, курулушунун сапатын жана жашоо үчүн кандай шарттар түзүлгөнүн көргөн.
"Ал жерде маркумдун жакындарына көңүл айтып, куран окуду", — деп билдирди маалымат кызматы.
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Баткен облусуна барат