Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Баткен облусуна барат

Өлкө башчысы Баткен облусундагы өнөр жай объектилеринин абалы менен таанышары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 24-25-декабрда иш сапары менен Баткен облусуна барарын анын маалымат кызматы билдирди.
"Президент сапардын жүрүшүндө чек ара аймактарын калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү, ошондой эле бир катар инфраструктуралык жана өнөр жай объектилеринин абалы менен таанышат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Жапаров аймактагы ички жолдорду реконструкциялоонун жүрүшүн көрөрү айтылды.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Мындай болбойт. Жапаров Баткендеги курулуш боюнча жоопкерчилик караларын айтты