Нарын районунун Жалгыз-Терек айылында 4 млн. сомдук ФАП ачылды. Сүрөт

Объектинин курулушу 2021-жылы башталган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Нарын районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Терек айылында Алтын Акматова атындагы ФАПтын курулуш иштери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
1 / 4

Нарын районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Терек айылында Алтын Акматова атындагы ФАПтын курулуш иштери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди

2 / 4

Объектинин курулуш иштери 2021-жылы башталып, ал "Катар" кайрымдуулук уюму тарабынан каржыланып, бүткөрүлдү

3 / 4

Ошондой эле ушул уюм тарабынан ФАПтын ичине эмеректер сатылып алынган

4 / 4

Анын жалпы сметалык баасы 4 миллион 300 миң 428 сомду түзгөнү айтылды

Объектинин курулуш иштери 2021-жылы башталып, ал "Катар" кайрымдуулук уюму тарабынан каржыланып, бүткөрүлдү. Ошондой эле ушул уюм тарабынан ФАПтын ичине эмеректер сатылып алынган.
Анын жалпы сметалык баасы 4 миллион 300 миң 428 сомду түзгөнү айтылды.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Нарын: Баткенде курман болгон жоокерлердин бүлөлөрүнө жардам беришти. Сүрөт