Радио

Акимов: жыл башынан бери калктуу конуштардын 16 башкы планы иштелип чыкты

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура долбоорлоо институтунун директору Азирет Акимов өлкөдө 293 өзгөчө макамдагы калктуу конуш бар экенин айтты.
Sputnik
Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура долбоорлоо институтунун алдында чоӊ максаттар бар болчу. Жыл башында Кыргызстандын чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгуу боюнча план бекитилип, агенттик тарабынан тапшырмалар берилген. Бул тууралуу Азирет Акимов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, башкы пландарды иштеп чыгууда жергиликтүү бийликтин жана калктын пикири жана сунуштары эске алынган.
"Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан бекитилип берилген тематикалык план боюнча чек арага жакын айылдардын башкы планы иштелип чыгышы керек болчу. Жалпысынан өлкөдө 293 өзгөчө макамдагы калктуу конуш бар. Быйылкы жылы 20га жакын айылдын башкы планын түзүү планы коюлган. Азыр дагы деле иштер жүрүүдө. Ага Кайыӊды шаары, Чүй, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл облусунда жайгашкан калктуу конуштар кирет. Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура долбоорлоо институту жыл башынан бери калктуу конуштардын 16 башкы планын иштеп чыкты. Анын ичинде сентябрь айында тажик-кыргыз кагылышында жабыркаган Капчыгай, Достук айылдарынын документтери бар. Ага ылайык, Капчыгай айылында талкаланган 70 үй кайрадан тургузулуп, социалдык объектилер салынып, жолдор кеӊейтилүүдө. Достук айылында аталган документ боюнча 60 үй, бир мектеп, бир оорукана курулуп жатат. Негизи адистер аймактарга барып, башкы пландарды шаар куруу кеӊешине көрсөтүп, түшүндүрүп берип, анан шаар же айыл кеӊештерге бекитүүгө жөнөтүлөт. Аларды иштеп чыгууда жергиликтүү бийликтин жана калктын пикири жана сунуштары эске алынды. Бул иш жүзүндө аткарып, калктуу конуштарды өнүктүрүүгө жана жашоонун сапатын жакшыртууга салым кошо турган натыйжалуу документтерди даярдоонун бирден-бир жолу", — деди Акимов.
Ал 2023-жылы өзгөчө макамдагы 293 калктуу конуштун калгандарынын башкы планы пайда болорун кошумчалады.