Сонун! Кыргызстандын лампа заводу жаңы жылдык оюнчуктарды чыгарды. Видео

Майлуу-Суу лампа заводу банкрот болуп, быйыл толугу менен мамлекетке өткөн. Ал 28-июнда жабык акционердик коомунан ачык акционердик коом болуп өзгөртүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Майлуу-Суу лампа заводу жаңы жылдык жасалгаларды чыгарып жатат. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жалал-Абад облусундагы завод ЖЧКдан ААК болуп өзгөртүлүп, Финансы министрлигинин балансында турат.
Мекеме ар бир оюнчук колго боёлуп, жасалганын белгилейт. Аларды сатып алуу үчүн (0555) 99-77-10, (03744) 5-28-10 номерлери аркылуу байланышууга болот.
Социалдык тармактын колдонуучулары видеонун астына "Шумдук!", "Таң каларлык!", "Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү сөзсүз түрдө колдойбуз" деген жылуу билдирүүлөрүн калтырууда.
Эске салсак, Майлуу-Суу лампа заводуна 1 миллиард сомго жеңилдетилген насыя бөлүнүп, мамлекеттик органдар андан лампаларды сатып алууга милдеттендирилген.
"Майлы-Суу" лампа заводу айнек идиштерди чыгарууга камынып жатат