Токиодо Кыргызстан менен Япониянын ТИМ жетекчилери жолугушту. Япон тараптын убадасы

Есимаса Хаясинин айтымында, Борбор Азия Япониянын тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Япониянын ТИМ башчысы Есимасо Хаяси менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуу Токиодо “Борбор Азия + Япония” диалогунун тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында өттү.
1 / 2

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Япониянын ТИМ башчысы Есимасо Хаяси менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди

2 / 2

Жолугушуу Токиодо “Борбор Азия + Япония” диалогунун тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында өттү

Тышкы иштер министрлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу аркылуу саясий диалогду мындан ары бекемдөө маселелерин талкуулашты.
“Экономикалык, маданий-гуманитардык, саламаттыкты сактоо жана медицина, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду”, — деп айтылат маалыматта.
Кулубаев кыргыз тараптын соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну чыңдоого кызыкдар экенин белгиледи. Ал экологиялык жактан таза ата мекендик продукциянын экспортун көбөйтүүнүн келечегин баса белгилеп, ошондой эле япон кесиптешин жакынкы арада Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Хаяси өз кезегинде эки тарапка тең пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого даяр экенин билдирди. Анын айтымында, Борбордук Азия аймагы Япониянын тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири.
“Япония Кыргызстанга эки жана көп тараптуу кызматташтыктын алкагында үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүүнү улантат”, — деп ишендирди министр.
Жолугушуунун жыйынтыгында тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери 2023-2025-жылдарга кызматташуу программасына кол коюшту.
ТИМ кыргызстандыктарды Тажикстанга барбай турууну сунуштады