Кыргызстанда 1-январдан тарта ун, нан жана жемдин кымбаттаары күтүлүүдө

Таңсыктыкка Казакстан аркылуу эгин ташуудагы көйгөйлөр жана Россияда дан ташыгычтардын жоктугу себеп болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кыргызстанда 1-январдан тарта ун, нан жана жемдин баасы кымбаттай турганын Ун комбинаттары ассоциациясы билдирди.
Тегирменчилер бааны көтөрүүгө аргасыз болорун айтышууда. Себеби 31-декабрда ун комбинаттары үчүн данды алып келүү жана кайра иштетүү боюнча жеңилдиктердин мөөнөтү аяктайт. Мамлекеттик колдоо 2021-жылдын сентябрынан ушул жылдын аягына чейин күчүндө болот.
"Бүгүнкү күндө ун комбинаттарындагы дандын жана ундун запасы азайып, алар оор абалда. 1-январдан тарта дандын өздүк наркы 12 пайызга, ун 15 пайызга кымбаттайт. Бул керектөөчүлөр сатып алууда төлөй турган кошумча нарк салыгынын суммасы. Албетте, ундун кымбатташы нандын баасына да таасирин тийгизет, ал 18-20 пайызга көтөрүлүшү мүмкүн", — деди ун тартуучулар ассоциациясынын президенти Рустам Жунушов.
Анын айтымында, таңсыктыкка Казакстан аркылуу эгин ташуудагы көйгөйлөр жана Россияда дан ташыгычтардын жоктугу себеп болууда.
Кечээ Айыл чарба министрлигинин башчысы Аскарбек Жаныбеков Кыргызстанда азык-түлүк жетиштүү экенин, негизги азык-түлүк менен камсыз кылууда маселе жаралбайт деп ишендирген.
КР бюджетинин кирешеси чын эле өстүбү? Эттин баасы менен эсептеп көрбөйлүбү