Окумуштуулар суунун кант диабетин жеңилдетчү касиетин аташты

Кыргызстанда 74 810 адам диабет менен жабыркайт, бейтаптардын саны жыл сайын 5-7 миңге көбөйүп турат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Окумуштуулар кандагы кантты төмөндөтүүчү суусундукту аташты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анда организмден ашыкча кантты эң натыйжалуу тазалоого кадимки ичүүчү суу жардам берери айтылган.

"Суунун курамында углевод жок болгондуктан, кант диабети менен ооругандар үчүн идеалдуу суусундук болуп саналат", — деп жазылат маалыматта.

Изилдөөлөргө ылайык, кант диабети менен ооруган бейтаптын денеси көбүрөөк суюктукка муктаж, анткени бөйрөк ашыкча кантты бөлүп чыгарууга аракет кылат. Ал эми суу табигый түрдө глюкозанын кандан чыгуусуна жардам берет.
Ошондой эле дарыгерлер канттын жогорку деңгээли организмди суусаткандыктан, бейтаптарга күнүнө сегиз стаканга чейин суу ичүүнү сунушташкан.
Кант диабетин эмнелер өрчүтүп жиберерин адис эскертти