Эки айда Улуттук банктын алтын кору 34,5 млрд. сомго көбөйдү

Октябрдын эсеби менен алганда алтындын запасы 14,2 миллиард сомго көбөйүп, тагыраагы, аталган жана ноябрь айларында өсүш 34,5 миллиардды түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Улуттук банктын алтын кору ноябрь айына алганда 20,3 миллиард сомго көбөйгөн.
Улуттук банктын сайтынан алынган маалыматтарга көз чаптырсак, төмөнкүдөй маалыматтарды окууга болот:
ноябрдын башына карата — 57 миллиард 702,1 миллион;
декабрдын башына карата — 78 миллиард 2 миллион.
Эске салсак, октябрдын эсеби менен алганда алтындын запасы 14,2 миллиард сомго көбөйүп, тагыраагы, аталган жана ноябрь айларында өсүш 34,5 миллиардды түзгөн. Анын себеби айтылган эмес.
Алтындын жана доллардын курсунун дүйнөлүк баалары кандай өзгөрдү:
Төмөндө Лондон ассоциациясынын баалуу металлдар боюнча кечки фиксинги боюнча маалыматтар келтирилди. Кеп трой унциясы — 31,1 грамм алтын тууралуу жүрүп жатат;
Ноябрдын башынан тарта (1 645,25 доллар) 1-декабрга чейин (1 803,15) унция 158 долларга кымбаттады. Октябрда Кыргызстанда бул валютанын курсу 94 тыйынга кымбаттап, натыйжада 84,45 сомду түздү.

Алтын корунун өйдө-ылдый болушу

Былтыркы жылдын май айында Улуттук банктын алтын кору рекорддук көрсөткүчкө жетип, 99 миллиард сомду чапчыган. Жакында эле башкы банк 2021-жылдын башында 20 тоннага жакын алтын сатканын кабарлады.
Улуттук банк валюта рыногуна рекорддук суммада доллар сатты