"Үй бар". Баткенде элге жардамга колун сунган Матисаевди облус башчысы сыйлады

Келдибек Матисаев Тажикстан куралдуу кол салып, 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасында чыккан чатак айылдардан эвакуация болгон жарандарга жардамга колун сунган агадил инсан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын тургуну Келдибек Матисаевге ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын тургуну Келдибек Матисаевге ыраазычылыгын билдирди

2 / 2

Келдибек Матисаев Тажикстан куралдуу кол салып, 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасында чыккан чатак айылдардан эвакуация болгон жарандарга жардамга колун сунган агадил инсан

Келдибек Матисаев Тажикстан куралдуу кол салып, 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасында чыккан чатак айылдардан эвакуация болгон жарандарга жардамга колун сунган агадил инсан.
Социалдык тармакка коогалаң учурунда анын кагазга "Үй бар" деген сөздү жазып алып, качкан элди күтүп турган сүрөтү тарап, Кыргызстан коомчулугунда жылуу пикирлерди жараткан.
Облус башчысы Абдикарим Алимбаев Матисаевге "кыйын кырдаалда жабыркаган үй-бүлөлөргө патриоттук сезимде кол сунуп, өлкөнүн бүтүндүгү, элдин келечеги үчүн кошкон салымы жана өз учурунда материалдык, моралдык жардам көрсөткөндүгү үчүн рахмат айтты".
Токаев Кыргызстандын мамлекеттик катчысын орден менен сыйлады