Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Украина боюнча АКШдагы ажырым пикир Путиндин отуна май тамызат

Конгресстеги кээ бир республикачылар Зеленскийдин сапарына нааразы болуп, ал сөз сүйлөп жатканда кол чабуудан, ордунан туруудан баш тартышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. АКШдагы Украинаны мындан аркы колдоо боюнча эки анжы пикир РФ лидери Владимир Путинге жакшы жардам берет. Spectator басылмасынын баяндамачысы Лукас Дегутистин минтип жазганын РИА Новости билдирди.
Автор Украинанын башчысы Владимир Зеленский сүйлөп жатканда келбей койгон конгресстин мүчөлөрү Путинге "жакшылык кылганын" белгилеген.
Ал демократтар менен республикачылардын ортосундагы бардык пикир келишпестиктерге карабастан, Киевге жөнөтүлгөн каражаттарды текшерүү керек экенин кошумчалаган.
"Республикачылар демократтар сыяктуу эле, салык төлөөчүлөрдүн акчасы эмнеге жумшалып жатканын сураганда жаңылыштык кетиришпейт болчу", — деген Дегутис.
Серепчинин айтымында, Конгресстеги республикачылардын көбү Зеленскийдин сапарына абдан нааразы болушкан. Төрт конгрессмен Украинанын президентине кол чабуудан баш тартса, экөө ал трибунага чыкканда ордунан турган эмес.
Эске салсак, Зеленский шаршемби күнү Вашингтонго барып, АКШнын президенти Жозеф Байден менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, АКШ Конгрессинде сөз сүйлөгөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский конгрессте сүйлөп, Байден менен жолугуу үчүн АКШга учуп кеткени айтылды