Радио

КМШ өлкөлөрүнүн жетекчи кызматкерлери Москвада окуп жатат

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Токтосун Султанов Москва шаарында КМШнын жети өлкөсүнөн келген жетекчилер мамлекеттик кызматкерлердин жогорку мектебинен билим алып жатышканын айтты.
Sputnik
Москва шаарында мамлекеттик кызматкерлердин жогорку мектеби бар. Быйылтан тарта бул жерде КМШнын жети өлкөсүнөн келген мамлекеттик жана башка деле жетекчилик кызматтагы адистер билим алып жатабыз. Окутуу Россия Федерациясынын эсебинен каржыланууда. Бул тууралуу Токтосун Султанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аткаминерлер бир жыл окушат.
"Москва шаарындагы мамлекеттик кызматкерлердин жогорку мектеби КМШ өлкөлөрүндөгү жетекчи кызматтагы адистер үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүүдө. Долбоорго ылайык, мамлекеттик дагы же башка деле кызматтагы жаш жетекчилер тапшырып, окуса болот. Быйыл биринчи ирет өтүп жаткандыктан ар бир өлкөдөн орто эсеп менен 10дон киши сынактан өтүп, жалпы КМШдан келген 70 жетекчи билим алып жатабыз. Бизге билимди ошол эле Мамлекеттик Думанын депутаттары, фракция лидерлери, олимпиада, футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты уюштуруп өткөргөн тажрыйбалуу адистер, ири шаар жетекчилери, окумуштуулар жана башка көптөгөн өз ишинин мыктылары берүүдө. Сабактардын биринен чыгып, экинчисине кирип отуруп, кантип 10 саат өтүп кеткенин байкабай калуудабыз. Процесс лекция менен чектелбейт, объектилерге барып жеринен таанышуу, кызыктуу оюндар, маданий бөлүктөрү да бар", — деди Султанов.
Ал окутуулар онлайн жана офлайн-форматта жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.