БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW — грек-рим, эркин жана аялдар күрөшүнүн эл аралык федерациясы) кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудовду 2022-жылдын тарыхын жаратуучулардын катарына кошту.
Видео UWW федерациясынын YouTube каналына жарыяланды.
Алдыңкы төрттүккө ошондой эле япониялык Юи Сусаки жана албаниялык Зелимхан Абакаров кирди.
Шаршенбеков быйыл дүйнөнүн, Азиянын, ошондой эле Ислам оюндарынын чемпиону болду. Ийгиликтүү беттештердин аркасында ал 60 килограммга чейинки салмак категориясында UWW рейтингинде биринчи орунга чыкты. 77 жашка чейинки категорияда Акжол Махмудов экинчи орунду ээледи (биринчи орунду түркиялык Юнус Басар алды). Махмудов — грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык биринчи дүйнө чемпиону.