Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Global Times: АКШ саясаты Украинада көпкө чейин тынчтык орнобой турганын ачыктады

Басылма Украинадагы жаңжал АКШнын саясатынан улам курчушу мүмкүн экендигин жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кытайлык Global Times басылмасы Украинадагы тынчтыктын келечеги АКШнын Киевге кошумча каржылык жана аскердик жардам бөлүү чечиминен улам бүдөмүк болуп жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Вашингтон кийлигишүүсүн токтотпогондуктан, жаңжал ого бетер курчуп кетиши мүмкүн. Америкалык саясатчылардын көз карашында Украинаны колдоо — АКШ үстөмдүк кылган дүйнөлүк тартипти сактап калуунун синоними болуп саналат", — деп жазылган маалыматта.
Макаланын авторлору Владимир Зеленскийдин Америкага сапары жана Конгресстин мүчөлөрүнүн алдында сүйлөшү да тирешүүнү улантуу ниетин ачыктаганын айтышкан.
"Украина лидеринин сөзүнүн мааниси түшүнүктүү: ал кыйратуучу согушту улантууну каалайт. Жаңжалдашып жаткан тараптар көп маселелер боюнча бир пикирге келе элек жана талаптары ар түрдүү", — деп айтылат басылмада.
Зеленский ушул жуманын башында Вашингтонго барган. Ал Жо Байден менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Конгресстин алдында сүйлөдү. Ак үй өз кезегинде Украинага 1,85 миллиард долларлык жаңы аскерий жардам берилерин айткан. Анын ичинде Patriot зениттик-ракеталык комплекси, 500 артиллериялык ок-дары, 37 сооттолгон Cougar унаалары, мина, гранатомёт жана ок атуучу куралдар бар.
Президент Владимир Путин өз кезегинде РФ армиясы "Patriot зениттик-ракеталык комплексин талкалап" коёрун айткан.
Украинадагы атайын операциянын фонунда Батыш Киевге ондогон миллиард долларлык курал-жарак ташууну улантууда. Москва бул жаңжалды узартып жатканын жана курал-жарак жүктөлгөн транспорт Россия армиясынын мыйзамдуу бутасына айланып жатканын бир нече жолу билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Санкциялардын "шарапатыбы?". Россия менен Ирандын кызматташтыгы бекемдөөдө