Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Рогозинге Донецк менен Ростовдон операция жасай алышкан жок. Себеби

Операция кылуу туурасында Москвада дарыгерлер консилиумунда каралары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Донецк менен Ростов-на-Дону аймагындагы дарыгерлер жаракат оор болгон үчүн "Роскосмостун" мурдагы жетекчиси Дмитрий Рогозинге операция жасашкан жок. Бул туурасында РИА Новостиге анын жардамчысы билдирген.
"Дмитрий Олеговичке азырынча операция жасалган жок. Москвага жеткирилген соң зарыл болгон медициналык жардам боюнча дарыгерлер консилиумунда чечилет", — деген ал.
Буга чейин "Роскосмостун" мурдагы жетекчиси Донецкиде аскердик кеңешчилер тобу менен чогуу украниналык тараптын аткылоосуна кабылганы кабарланган эле. Алардын ичинен бир нечеси жаракат алып, Рогозиндин кеңешчиси курман болгон. Ал эми "Роскосмостун" мурдагы жетекчиси омурткасынан жаракат алганы айтылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донецк: украиналык аскерлер аткылап, Рогозин жаракат алгандан кийинки видео