Өзбекстанда 15 баланын өлүмүнө себепкер болду делген дарыны сатуу токтотулду

Окуяны Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам тобу иликтеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Өзбекстанда "Док-1 Maкс" дарысынын кесепетинен улам болжол менен 15 бала каза болду деген маалымат тарады.
Социалдык тармактарда Самарканд облустук Балдардын көп тармактуу медициналык борборунун директору М. Азизовдун облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Давронбек Жуманиёзовго 15-декабрда жазган катынын көчүрмөсү жарыяланган. Анда "Док-1 Maкс" таблеткасын жана сиробун ичкен бейтаптардын оорусунун күчөшү жана өлүмү тууралуу айтылат.
Препаратты колдонгондон кийин көптөгөн бейтаптардан терс таасирлери жөнүндө даттануулар түшкөн. "Балдарда негизинен бөйрөктүн иштешинин бузулушу жана ооруган белгилери байкалган", — деп айтылат катта.
Жазылган каттын аныктыгын журналисттерге Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги тастыктаган. 22-декабрда Саламаттык сактоо министрлиги Фармацевтика тармагын өнүктүрүү агенттигине шилтеме берип, кырдаалды иликтөө үчүн ыкчам топ түзүлгөнүн билдирген. Самарканд шаарынын дарыканаларынан сатылып алынган "Док-1 Макс" таблеткалары менен сиробуна экспертиза жүргүзүлө баштаганы айтылды.
22-декабрдан тарта бул дарыны Өзбекстандын бардык аймагында сатуу убактылуу токтотулду.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги Sputnik Кыргызстан агенттигине учурда абалды көзөмөлдөп, маалыматтарды тактап жатканын билдирди.
Мектептердеги карантин 30-декабрга чейин узартылышы мүмкүн