"Кыргызиндустриясы" түзүлгөндөн бери республикада токтоп калган үч ири, ал эми жалпысынын 19 ишкана кайра жанданды. Бул тууралуу Жарасул Абдураимов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Кыргызиндустриянын" түзүлгөнүнө февралда бир жыл болот.
"Быйыл "Кыргыз бетон курулуш" февраль-март айлары менен ишке кирсе, тез арада үйлөрдү курууга жана курулуш тармагын өнүктүрүүгө мүмкүндүк түзүлөт. Ал үчүн Италиядан жабдуулар алып келинет. Мындан тышкары, "Кыргыз чет транс" деп Ошто жана Чүйдө түзүлүүдө. Ал реэкспортту жакшыртып, логистиканы жеңилдетет. Ош аймагында 10 автотранспорт бар, дагы 30ду алып келүү мерчемделүүдө. Ал эми Чүйдөгүсүнө 100 автоунаа алууну көздөп жатабыз. Буларга тапшырык берилип, акчасы төлөнгөндүктөн жакын арада келип калат деген үмүт бар. Мындан тышкары, "Кыргыз темир мык" түзүлүп, анын продукциясы учурда Баткенге жөнөтүлүүдө. Анткени базар баасынан кыйла арзан болууда. Келечекте мыктан баштап темирден жасала турган буюмдарды өндүрө турган ишкана болот. Ошондой эле Базар-Коргондо иши токтоп калган кыш завод "Кыргыз кыш" деп жанданды. Топчу, сыдырма жасаган "Кыргыз топчу" ишканасынын жабдуулары алып келинди. "Алай барстары" деген компания бизге кайрылып, Алайда чакан ГЭС курулууда. Булардан сырткары, "Кыргыз электроника", "Көк алма", "Кыргыз фарфор", "Кыргыз бакча", "Кыргыз керамзит", "Жемиш кампа", "Бикей медикеар", "Шумкар энерго", "Кыргыз пластик", "Кыргыз стиль" жана "Кыргыз анимация" өз ишин жандантып же жаңыдан баштоонун алдында турат. Булардын баары өлкөнүн өндүрүшүн, экспорттук мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган", — деди Абдураимов.
Ошондой эле ал учурда 30дан ашык ишкананын долбоору түзүлүп, келечекте аларды ишке ашыруу мерчемделип жатканын кошумчалады.