БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Жаңы жылдык майрам күндөрү Кыргызстандын жолдорунда масштабдуу рейддер жүргүзүлөт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Айдоочуларды башкармалыктын адистештирилген ишканасынын кызматкерлери текшермекчи.
Рейддер кайсы күндөрү жүргүзүлөрү так айтылган жок. Өлкөдө 1-8-январь жаңы жылдык эс алуу күндөрү деп жарыяланган.