Өзбекстандагы өлүмдөн кийин "Док-1 Макс" дарысын Кыргызстанда да сатуу токтоду

Буга чейин препараттан Өзбекстанда 15 баланын каза болгону боюнча маалымат тараган. Дары Индияда жасалган жана грипп менен курч респиратордук ооруларда ичүүгө сунушталган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кыргызстанда "Док-1 Maкс" дарысын сатууну Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаменти убактылуу токтотту. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Эске салсак, аталган препараттан Өзбекстанда 15 баланын каза болгонуу боюнча маалымат тараган.
Социалдык тармактарда Самарканд облустук Балдардын көп тармактуу медициналык борборунун директорунун облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысына 15-декабрда жазган катынын көчүрмөсү жарыяланган. Анда "Док-1 Maкс" таблеткасын жана сиробун ичкен бейтаптардын оорусунун күчөшү жана өлүмү тууралуу айтылган.
"Кыргызстанда" Док-1 Maкс" 2018-жылы катталган. Акыркы ирет 2021-жылы ташып келинген, ал эми быйыл, 2022-жылы, өлкөгө алып келинген эмес. Жаралган кырдаалдан улам "Док-1 Максты" 2022-жылдын 23-декабрынан тарта Кыргызстандын аймагында сатуу убактылуу токтотулду. Ал эми үлгүлөрү Борбордук көзөмөл-аналитикалык лабораторияга жөнөтүлдү", — деп айтылган таратылган маалыматта.
Департаменттен "Док-1 Maкстан" жабыркап кайрылгандар жок экенин айтышты.
Дары Индияда жасалган жана грипп менен курч респиратордук ооруларда ичүүгө сунушталган. Препарат таблетка жана сироп түрүндө чыгарылат.
Өкмөт: дары-дармек сыртка убактылуу чыкпайт деген токтом бар. Тизме