Нарында "Арашан" породасындагы кой-кочкорлордун көргөзмөсү өттү. Сүрөт

Көргөзмөнүн соңунда биринчи орунду алган мал ээлерине дипломдор тапшырылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кочкор районунда "Арашан" породасындагы кой, кочкорлор арасында көргөзмө-фестиваль өттү. Айыл чарба министрлиги мындай иш-чараны Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы Теңдик айылынын жаштары менен биргеликте уюштурганын маалымдады.
1 / 3

Кочкор районунда "Арашан" породасындагы кой, кочкорлор арасында көргөзмө-фестиваль өттү

2 / 3

Айыл чарба министрлиги мындай иш-чараны Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы Теңдик айылынын жаштары менен биргеликте уюштурганын маалымдады

3 / 3

Мекемеден билдиргендей, фестиваль асыл тукум койлорду жайылтуу максатында өткөрүлгөн.

Мекемеден билдиргендей, фестиваль асыл тукум койлорду жайылтуу максатында өткөрүлгөн.
Көргөзмөдө ар бир малдын бою ченелип, салмагы тартылып, калыстар тобу тарабынан сындан өткөн.
"Жыйынтыгында биринчи орунду чоң кочкорлор арасында Ара-Көл айылынын фермери Тимур Каныбек уулунун кочкору ээледи. Анын салмагы 158 килограммга жеткен. Ал эми козулар арасында Кара-Суу айылынын фермери Нурбек Эрмек уулунун козусу биринчи орунга татыган. Анын тогуз айлык козусунун салмагы 96 килограмм, бою 86 сантиметр болду. Койлор арасында салмагы 125,5 килограмм, бою 91 сантиметр болгон кой астына атаандаш чыгарган эмес" — деп айтылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, көргөзмөнүн соңунда жеңип чыккан мал ээлерине дипломдор тапшырылган.
Өлкөдөгү сперма банкта асыл тукум букалардын 95 миң доза уругу сакталган