Радио

Мамбетова: учурда кыргыз балы 34 мамлекетке экспорттолууда

Айыл чарба министрлигинин реалдуу сектор башкармалыгынын мал чарба жана ветеринария бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Элвира Мамбетова статистикалык маалымат боюнча өлкөдө жылына 2-3 миӊ тоннага жакын бал өндүрүлөрүн айтты.
Sputnik
Балчылык тармагы жылдан-жылга ыкчамдык менен өнүгүп келе жатат. Ошого жараша бал өндүрүүнүн да көлөмү өсүүдө. Сырье ички жана сырткы рынокко чыгып жатат. Бул тууралуу Элвира Мамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда кыргыз балы 34 мамлекетке экспорттолот.
"Буга чейин пандемияга байланыштуу Кытайга бал экспорттоо жолу жабылып калган. Быйылкы жылдын октябрь айында Кытайдан экспортко уруксат алдык. Азыркы кезде бул азык Сауд Арабиясында (эң көп көлөмдөгү балды импорттогон), Дубай, Америка, Европа мамлекеттеринде бааланып, өзгөчө ак бал бренд болуп калды. Былтыр чет мамлекеттерге 448 тонна экспорттолгон. Статистикалык маалымат боюнча, Кыргызстанда жылына 2-3 миӊ тоннага жакын бал өндүрүлөт. 2022-жылдын он айында Кыргызстандан 206,8 тонна бал экспорттолду. "Бир айыл – бир продукт" долбоорунун алкагында бул продукцияны өндүрүп, экспортоочу компаниялардын расмий келишимине ылайык, атайын коюлган тарифтер менен Япония кыргыз балын эң жогорку баада сатып алды (килограммы 7,1 доллар)", — деди Мамбетова.
Ал балчылык тармагында таза бал өндүрүү маселеси бар экенин, министрликте аарычылар палатасы иштеп көйгөйлөрдү жоюу аракети көрүлүп жатканын кошумчалады.