Бишкекте мамлекеттик ипотеканын үйлөрү кантип курулууда? Видео

Садыр Жапаров мурдараак ар бир райондун борборунда, Кыргызстандын 32 шаарында ипотекалык турак жайга жер тилкеси бөлүнөрүн айткан эле.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Бишкек шаарында мамлекеттик ипотеканын негизинде бериле турган турак жайлар, кийинки жылдын июнь-июлунда өз ээлерин табат. Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык баракчасына аталган көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталган видеону жайгаштырды.
"Бишкек шаарында ипотекалык негизде бериле турган турак жайлардын курулуш иши кызуу жүрүп жатат. Ордо калаада 1500 батирлүү көп кабаттуу үйлөр салынууда. Учурда котлованы казылып, бетондоо иштери жүрүүдө. Батирлер кийинки жылдын июнь-июлунда мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу тапшырылып, 4 пайыз менен 20-25 жылдык мөөнөткө берилет", — деп жазды Орунбеков.
Буга чейин президент Садыр Жапаров ар бир райондун борборунда жана Кыргызстандын 32 шаарында ипотекалык турак жайга жер тилкеси бөлүнөрүн айткан эле.
Бишкекте мамлекеттик ипотеканын алкагында үй курулат. Батирлердин эскизи