БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Бишкек шаарындагы мектептерде онлайн-окутуунун мөөнөтү 28-декабрга чейин узартылат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Мында борбор калаада грипп жана курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооругандардын саны өсүп жаткандыгы эске алынган. Ал эми региондордогу окуу процесси боюнча жергиликтүү бийлик эпидемиологиялык кырдаалга жараша өз алдынча чечим кабыл алары айтылды.
Бала бакчалардын иштеши же карантинге чыгуусу анын мамлекеттик жана менчик экендигине карабастан облустук жана райондук деңгээлдеги жергиликтүү мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдары тарабынан берилген санитардык көрсөтмөлөргө ылайык аныкталмакчы.
Буга чейин шаарда эпидемиологиялык абал начарлагандыктан мектептер 25-декабрга чейин карантинге жабылып, аралыктан окуп жаткан.