Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Нарын: Баткенде курман болгон жоокерлердин бүлөлөрүнө жардам беришти. Сүрөт

Акчалай колдоо Нарын жаштарынын атынан көрсөтүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Тажикстандын Баткендеги чек арага куралдуу кол салуусундагы кармашта курман болгон Нарын аймагындагы жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
1 / 5

2 / 5

3 / 5

4 / 5

5 / 5

Нарын облустук жаштар кеңешинин төрагасы Нурлан Омукеев Нарын жаштарынын атынан чек арада каза болгон баатырлардын үй-бүлөлөрүнө 100 000 сомдон берди.
"2022-жылдын 16-17-сентябрь күндөрү Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон Тажикстан аскерлеринин куралдуу кол салуусунда өзүнүн аскердик милдетин татыктуу аткарып, Кыргызстандын бүтүндүгү жана кыргызстандыктардын коопсуздугу үчүн жанын аябай күрөшүп, баатырларча курман болгондордун үй-бүлөсүнө 100 000 сомдук сертификаттарды жаштар тапшырышты", — деген ал.
Коогалаңда курман болгон, Нарын дубанынан барган жоокерлер:
1.
улук лейтенант Апсамат Жекшенбеков;
2.
сержант Нурсултан Жаныбеков;
3.
улук лейтенант Бейкут Алмаз уулу;
4.
аскер кызматкери Мирлан Какеев;
5.
прапорщик Жеңиш Иманбек уулу.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Чек арага чептей туруп курман болгон кыргыздын кыраандары