БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинин Туризмди өнүктүрүү департаментинин (RAKTDA) маалыматына караганда, буга чейин Гиннестин китебине фейерверк боюнча бир нече жолу кирген Рас-эль-Хайма (эмирлик — ред.) жаңы жыл түнү дүйнөлүк дагы эки рекорд коюуну пландаштырууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, Рас-эль-Хайма эмирлиги фейерверктерди бир учурда учурган дрондордун саны боюнча рекордду жаңыртууга белсенип жатат. Экинчиси, асманга дрондорду тизип, ал аппараттар менен эң узун сүйлөм жазуу болмокчу. Фейерверктин 12 мүнөткө созулары, иш-чара Маржан аралы менен Аль-Хамра районунун ортосундагы жээкте өтөрү айтылган.
Маржан аралынын каршысындагы атайын аянтча жаңы жылдык шоуну көрүү үчүн идеалдуу жер болмокчу. Ошондой эле майрамдык маанайдагы иш-чаралар Маржан аралынан Аль-Хамра аймагына чейинки жээкте жайгашкан бардык мейманканаларда өткөрүлөрү айтылды.