Жогорку Кеңеш өкмөт сунуштаган 2023-жылдын республикалык бюджетин жактырды

Кийинки жылкы дефицит 21 миллиард 263 миллион сомду түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын 2023-жылга карата республикалык бюджетин үч окуудан жактырды.
Эми ага президент кол койгондон кийин негизги финансылык документ катары расмий түрдө бекитилет.
Финансы министри Алмаз Бакетаевдин айтымында, кийинки жылы республикалык бюджеттин кирешеси гранттарды эске алуу менен 322 миллиард 766 миллион сом же ички дүң продукциянын 34,8 пайызын түзөрүн айтты.
Ал эми чыгаша 344 миллиард 29 миллион сомго жетет.
Бюджеттин дефицити 21 миллиард 263 миллион сомду түзөт.
КР бюджетинин кирешеси чын эле өстүбү? Эттин баасы менен эсептеп көрбөйлүбү