БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленскийдин АКШдан өркүндөтүлгөн заманбап курал алам деген максаты орундалбай калды. Бул туурасында The Washington Post басылмасына таянып РИА Новости билдирди.
Пентагондун өкүлдөрү саясатчыга Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн колунда жетиштүү сандагы танкалар бар экендигин айткан. Ал эми Зеленский Россияга келерки жылы "олуттуу кол салуу" үчүн сураган M1 Abrams техникасын тейлөө жана пайдалануу өтө кыйын болорун түшүндүрүшкөн.
"Америкалык мыйзам чыгаруучуларга Украинадагы чатак чындыгында демократия үчүн күрөш экендигин түшүндүрүү үчүн Зеленскийге харизманы колдонуу маанилүү эле. Бирок бардык нерсе анын аракети текке кеткенин көрсөтүп турат", — деп басылмага билдирген Ак үйдөгү жогорку даражалуу аткаминер.
Муну менен катар эле ал Жозеф Байдендин администрациясы Вашингтон сүйлөшүүлөр процессинин башталышын эртелетип, Киевге бул жерде болушунча күчтүү позицияны ээлегенге көмөктөшүүгө даяр экенин билдирип, Украина президентинин демократияга болгон "көз карашын" талкуулоого аракет кылганын айткан.
Аткаминер саясатчылардын пикири болгону бир жерден дал келип Сенаттагы республикачылардын келечектеги колдоосун алуу максаты болгонун кошумчалады.
Кечээ, 21-декабрда, Зеленский Ак үй менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн АКШга учуп барган. Ал күнү Вашингтон Украинага жаңы жардам караганын жар салды. Тагыраагы, таамай тие турган, калибри 155 миллиметр болгон артиллериялык 500 ок-дары, Cougar үлгүсүндөгү сооттолгон 37 автоунаа, миналар, бир нече миң гранатомет жана атуучу куралдар экени айтылды.
2021-жылдын 24-февралында Россия Украинадагы атайын операциясын баштагандан кийин Батыш АКШ баш болуп Украинаны куралдандырууну улантууда. Андан сырткары, өзүнүн арсеналын соолутуп, чалгын боюнча жардамын берип келет. Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков аталган өлкөнү куралга-жаракка толтуруу чатактын тереңдешин шарттап, Украинаны жакшылыкка алып барбастыгын айткан.
Ал эми Путин Россия согуштук, аскердик потенциалын өркүндөтөрүн белгиледи.