Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский Украина менен АКШ чыныгы биримдикке жеткенин айтты

Зеленский Байдендин чакыруусу менен шаршемби күнү Вашингтонго бир нече сааттык сапары менен барган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Владимир Зеленский Украина менен АКШ чыныгы биримдикке жеткенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"300 күндүн ичинде биз Украина менен АКШнын ортосундагы мамилелердин жаңы этабын баштадык. Чыныгы биримдиктин деңгээлине жеттик, алакабыз абдан тыгыз, маңыздуу", — деп жазды Зеленский өзүнүн Telegram каналына.
Ал президет Жо Байден менен жолугушуу үчүн Вашингтонго бир нече сааттык сапары менен шаршемби күнү барган. Конгрессте сүйлөп Россияга болгон санкциялык кысымды мындан да күчөтүү керектигин айткан.
"Сиздер санкцияларды күчөтө аласыздар... Бул себепсиз жана кылмыштуу согушту баштагандардын бардыгына адилеттүүлүктү орнотууга жардам берүү силердин колдо. Келгиле, муну жасайлы", — деген чакыруу жасаган Зеленский.
Сүйлөшүүлөр учурунда Вашингтон Украинага жаңы 1,85 миллиард долларлык жардам пакети бөлүнөрүн айткан. Ага Украина сурап жаткан Patriot зениттик-ракеталык комплекси жана башка аскердик куралдар кирет. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин айтымында, бул пакеттин берилиши менен Вашингтондун Киевге бөлгөн аскердик жардамынын жалпы суммасы 21,9 миллиард долларды түзөт.
24-февралда Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы башталгандан бери АКШ баштаган батыш өлкөлөрү Украинага курал-жарак жөнөтүп, чалгындоо маалыматтары менен жардам берүүдө. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Киевге курал-жарактын берилүүсү жаңжалды курчутуп, Украина үчүн жакшылык алып келбестигин билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: АКШ Украинага дагы Афганистанга жасаган мамилени кайталашы мүмкүн