Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский менен Байден Ак үйдө эмнени сүйлөшкөнү маалым болду

Шаршемби күнү Зеленский Вашингтондо АКШ лидери Жозеф Байден менен жолугуп, америкалык конгрессчилердин алдында сүйлөгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Украинадагы тынчтык темасы АКШ жана Украина президенттери Жозеф Байден менен Владимир Зеленскийдин кебинин негизги бөлүгү болду. Бул тууралуу РИА Новости Улуттук коопсуздук кеңештин стратегиялык байланыштар боюнча координатору Жон Кирбинин айтканына таянып кабарлады.
“Бул согушту токтотуу идеясы алардын кебинин негизги бөлүгүн түздү", — деген Кирби журналисттерге.
Анын айтканына караганда, Зеленский мурда эле сөз болуп жүргөн 10 пунктудан турган “тынчтык формуласын” айтып берген. Байден улуттук коопсуздук боюнча командасы бул идеялардын алкагында ишти жүргүзүү жолдорун тапканга аракет кылып жана аны потенциалдуу жыйынтыкка айлантууга аракет кыларына убада берген.
Кирби Зеленскийдин позициясын “принциптерге негизделген адилеттүү дүйнөгө” умтулуу катары баалаган.

“Ал украин эли өзүнүн келечеги үчүн колдой тургандай болгон, кандайдыр бир нерсеге негизделиши керек", — деген Ак үйдүн өкүлү Зеленскийдин позициясы туурасында.

Эске салсак, Зеленский Вашингтондо АКШ президенти менен сүйлөшүү жүргүзүп, америкалык конгресстин алдында чыгып сүйлөгөн. Бул сапар туурасында бир катар басылмалар жазып, Зеленскийдин АКШга сапарынын маанилүү максаты орундалган жок деген баасын берген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Украина менен АКШ чыныгы биримдикке жеткенин айтты