БИШКЕК, 22-дек. – Sputnik. Аскердик кеңешчилердин тобу, анын ичинде Дмитрий Рогозин жашап жаткан Донецкидеги мейманкана украиналык күчтөр тарабынан аткылоого алынып, "Роскосмостун" мурдагы башчысы белинен жарадар болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматта анын өмүрү азыр коркунучта эместигин жардамчысы билдиргени айтылган.
Аткылоо болгон жер тартылган видеону аталган агенттик өзүнүнTelegram-каналына жарыялады.
“Донецкинин тегерегинде акыркы айда аскердик кеңешчилердин тобу, анын ичинде Дмитрий Рогозин жашап турган мейманкана аткылоого алынган... Дмитрий Рогозин белинен жаракат алып, ооруканага түштү. Азыр жашоосуна коркунуч жок. Аны коштоп жүргөндөр да ар кыл оордуктагы жаракат алышкан", — деген ал.
Кеңешчинин айтымында, чабуул таамай тие турган, өзү жүрүүчү 155-артиллериялык Caesar түзүмү менен жасалган.