ТИМ кыргызстандыктарды Тажикстанга барбай турууну сунуштады

Тажикстанга кирүү же чыгуу боюнча керектүү маалыматты алуу үчүн атайын телефон номерлер жарыяланды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Тажикстанга барбай турууну сунуштады. Ошондой эле коңшу өлкөнү транзит катары дагы колдонбой турган шартка ылайык экени айтылды. Бул маалыматты өлкөнүн тышкы саясат боюнча ведомствосунун маалымат кызматы таратты.
"Кыргызстан жарандары үчүн Тажикстанга киргизилген чектөөлөр уланып жаткандыктан, ТИМ Кыргызстан жарандарына Тажикстанга ар кыл сапарлар менен барууну коё турууну же ал өлкөнү транзит катары колдонуп, сапарга чыкпоону сунуштайт", – деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын былтыркы жылдын май айында толугу менен жапкан.
Тажикстанга кирүү же чыгуу боюнча керектүү маалыматты төмөнкү номерлер аркылуу алса болот:
+996 999 312-002 — ТИМдин Консулдук башкармалыгы (Бишкек);
+992 887 782-223 — Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги (Душанбе).
Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтун жолугушуусу өттү