Шал оорусунан жабыркаган балдар. Маморгандардын ишинде биримдик жок экени айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дипломдон кийинки билим берүү факультетинин деканы Айбек Турганбаев ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн физиотерапевттер менен реабилитологдорду даярдоодо мамлекеттик органдардын биримдиги жок болуп жатканын билдирди.
Анын айтымында, Саламаттык сактоо, Билим берүү жана илим, ошндой эле Социалдык камсыздоо министрликтеринин ишин жөнгө салуучу бир стандарт керек.
"Бир стандарт тууралуу мыйзамдын долбоору зарыл. Биз кадрларды даярдайбыз, ал эми аталган мамлекеттик органдар буюртмачы болушу керек. Мисалы, биз 50 физиотерапевт менен реабилитолог даярдасак, бул структуралар аларды ишке орношуусун көзөмөлдөшү зарыл. Министрликтердин өкүлдөрү да багыт бериши кажет", — деди Турганбаев.
Ал учурда ведомстволордун ар бири өз ылайыгына жараша иштеп жатканын, эч кандай тескөө, координациялоо жок экенин белгиледи.
Эскерте кетсек, Бишкекте "Россотрудничествонун" колдоосу менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кам көрүүгө арналган конференция өтүп жатат. Иш-чара бүгүн жыйынтыкталат.
Өкмөт Азиздер жана дүлөйлөр коомуна коммуналдык кызмат үчүн 50%дык жеңилдик берди