Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин Американын Украинага Patriot комплексин жөнөтүшү боюнча үн катты

Буга чейин Вашингтон Украинага жаңы 1,85 миллиард долларлык жардам пакети бөлүнөрүн айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. – Sputnik. АКШнын Украинага Patriot зениттик-ракеталык комплексин бериши чыр-чатакты созууну туюндурат. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.
Путин мамлекеттик кеңештин отурумунан кийин ЖМК өкүлдөрүнө маек берген.
Буга чейин Вашингтон Украинага жаңы 1,85 миллиард долларлык жардам пакети бөлүнөрүн айткан. Ага Украина сурап жаткан Patriot зениттик-ракеталык комплекси жана башка аскердик куралдар кирет.
"Бул эскирип калган курал. Маселен, биздин С-300 комплексине жетпейт. Бизге каршы чыккандар аны коргонуу куралы катары көрсөтүшөт. Мейли ал эсибизде болсун. Бирок мунун арты жакшы эмес, жөн гана чыр-чатакты создуктурууга алып келет", — деди президент.
24-февралда Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы башталгандан бери АКШ баштаган батыш өлкөлөрү Украинага курал-жарак жөнөтүп, чалгындоо маалыматтары менен жардам берүүдө. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Киевге курал-жарактын берилүүсү жаңжалды курчутуп, Украина үчүн жакшылык алып келбестигин билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Украина менен АКШ чыныгы биримдикке жеткенин айтты