Ош: бензин куюлган цистерна кишини басып калды. Кырсыктан кийинки видео

Кырсык нефти базага жакын жайгашкан жерде болгону айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. – Sputnik. Ош шаарынын аймагындагы темир жол станциясында бензин куюлган, вагонго жүктөлгөн үч цистерна кечээ темир жол каттамынан чыгып оодарылып, 59 жаштагы кишини басып калган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлады.
Кырсык Нариман айыл аймагындагы "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борборунун" нефти базасына жакын жайгашкан жерде болгону айтылды.
"Кырсыктын кесепетинен 1963-ж. туулган Э.У. аттуу эркек киши (регулировщик) каза тапкан. Ал эми 22 жаштагы С.А.  аттуу адам жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилип, учурда абалы туруктуу", – деп кабарлады маалымат кызматынан.
Маркумдун сөөгүн чыгаруу жана өрттүн чыгып кетишин алдын алуу максатында 14 куткаруучу, Кара-Суу районунан бир, Ош шаарынан эки бригада, ИИМден 10, Тез жардам кызматынан алты кызматкер барган.
ӨКМден учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу, жолдон чыгып кеткен цистерна вагондордун ичиндеги бензинди башка бактарга бошотуп, өрт коопсуздугун көзөмөлгө алуу иштери жасалып жатканын айтты.
Токтогулда 20 киши бурганакта жолдо калган. ӨКМ техникасы тартылды