Министрлер кабинети 2026-жылга чейин бюджеттик сектордун кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү концепциясын бекитти. Бул тууралуу Иса Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, азыр мамлекеттик ишмердүүлүктүн ар бир тармагында эмгек акы төлөө боюнча так талаптар менен укуктук жөнгө салуу бар.
"Концепция президенттин 2022-жылдын 28-мартындагы № 95 "КРдин бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Буга чейин талдоо жүргүзүлүп, эмгек акы төлөө тармагында бири-бирине карама-каршы келген көптөгөн ченемдик-укуктук актылар бар экени аныкталган. Ошондуктан аларды бири-бирине шайкеш келтирүү чечими кабыл алынды. Мындан тышкары, кызматкерлер алган эмгек акынын 30 пайызын гана оклад түзүп, калган сумма жетекчилери тарабынан ар кандай үстөк акы түрүндө кошулуп берилери маалым болду. Мындай тажрыйба менен кызматкер өз эмгеги үчүн канча каражат алышы керектигин же алып жатканын биле алган эмес. Ал тургай бул нерсе коррупциялык көрүнүштөрдү да жаратты. Бүгүнкү күндө ар бир мамлекеттик кызматкер сайттан министрлер кабинетинин токтомун ачып, анын канча айлык алууга укугу бар экенин биле алат. Баары ачык жана жеткиликтүү. Быйыл 365 миң кызматкердин эмгек акысын жогорулатууга бюджеттен кошумча 35,6 миллиард сом бөлүнгөн. Алсак, социалдык кызматкерлердин маянасы 50 пайыздан 80 пайызга чейин көтөрүлүп, орточо эмгек акы 18 миң 600 сомду түздү. Учурда Кыргызстанда жашоо минимумунун көлөмү орточо эсеп менен 7 242 сомду түзөт. Буга чейин ушул суммага жетпеген да айлык акылар болгон. Азыр маяна жашоо минимумунан аз болбошу керек деген да талап бар. Албетте, бул аздык кылат, бирок мамлекеттик уюмдардын кызматкерлеринин турмуш деӊгээли төмөндөп кетпеши үчүн колдон келгендин бардыгы жасалууда", — деди Бакиров.
Ал эмгек акынын бюджети ар үч жылда бир каралып турарын кошумчалады.