Акжол Махмудов менен Роман Власовдун тоодогу беттеши. Видео

Эки балбан өткөн жылы Бишкекте беттешмек, бирок Акжол Махмудовдун жараатынан улам жолугушуу кийинкиге жылдырылган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Россиянын чемпиону Роман Власов менен беттешти. Бирок спортчулар азырынча машыгуу иретинде гана күч сынашты.
"Кар баскан тоолор, жаркыраган күн, муздак аба! Эч ким жок. Көптөн күткөн кармаш болду. Деңиз деңгээлинен беш миң метр бийиктикте, эки атаандаш жана экөөнө бир жеңиш!" — деп билдирди Власов социалдык тармактарда.
Роман Власов — россиялык грек-рим күрөшү боюнча эң атактуу балбандардын бири, эки жолку олимпиада чемпиону (2012, 2016), Европанын жана дүйнөнүн көп жолку чемпиону. Бир жыл мурун балбандар Бишкекте беттешүүнү макулдашып, бирок Махмудовдун жаракатынан улам жолугушуу кийинкиге жылдырылган болчу.
Эми күрөш сүйүүчүлөр кайрадан беттеш уюштурууну суранып, спортчулар килемге чыгууга даяр экендигин айтышкан.
Акжол менен Жоламан дүйнөлүк рейтингде көтөрүлүп, премия алмай болду