БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Каракол шаарында "Мен чемпионмун" республикалык кышкы оюндар таймашы өтөрүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Аталган турнир 26-28-декабрь күндөрү Каракол шаарында Кыргызстандын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептеринин тарбиялануучуларынын арасында уюштурулат.
"Мен чемпионмун" мелдештери спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлөт:
лыжа спорту слалом;
хоккей;
лыжа жарышы.
Мелдештин жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундун ээлери тиешелүү даражадагы медалдар жана дипломдор, ошондой эле акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. Байге фонду 1 050 000 сомду түзөт.
1-орун — 200 000 сом;
2-орун —100 000 сом;
3-орун — 50 000 сом.
Кышкы оюндар мелдеши Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана спорт федерациялары менен биргеликте өткөрүлөт.