БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңеште мамлекеттик тилде сүйлөө маселеси кайрадан көтөрүлдү.
Депутат Медер Алиев орусча суроо берип жатса фракция лидери "эгер азыр залда төрага болгондо эскертүү бермек" деп тамалашаганын айтты. Эл өкүлү орус тилдүү мектепте окуганы үчүн эки тилди аралаштырып сүйлөп аларын айтып, кечирим сурады.
Ошол эле учурда ал залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов Бүбүсара Бейшеналиевага жазган сүйүү катында дагы эки тилди аралаштырганын мисал келтирип, аны окуп берди. Аны менен катар Конституцияда расмий тил статусу бар экенин эскертти.
Бирок Алиев спикер туура эле эскертүү берип жатат деп эсептээрин, катасын моюнга алып, мамлекеттик тилде таза сүйлөөгө аракет кылууга убада берди.