БИШКЕК, 22-дек. – Sputnik. Боом капчыгайында Mercedes-Benz Sprinter жүк ташуучу автоунаасы кырсыктап, 48 жаштагы айдоочусу мүрт кетти. Бул тууралуу Чүй ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.
Автоунаанын ичиндеги 51 жаштагы жүргүнчү ооруканага жеткирилгени маалым болду.
Окуянын видеосу "Короче" деп аталган Telegram-каналга жүктөлдү.
Каргаша бүгүн, 22-декабрда, саат 7:30 чамасында Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 131 чакырымында катталган.
Милициянын маалыматында, айдоочу жүк ташуучу автоунаасы менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай жолдун оң жагындагы тосмону сүзгөн.