Бишкектен Кувейтке авиакаттамдарды көбөйтүү пландалууда

Буга чейин Бишкектен Кувейтке жумасына төрт жолу самолет учуп турган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. 2022-жылдын 30-декабрынан тарта Кувейт — Бишкек — Кувейт багыты боюнча кошумча чартердик каттамдардын ачылышы пландалууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматта Jazeera Airways авиакомпаниясы Бишкектен Кувейтке каттамдарды 2022-жылдын 30-декабрында жана 2023-жылдын 1, 2, 4, 13, 15, 19-январында аткара тургандыгы айтылган.
Буга чейин көрсөтүлгөн багыт боюнча жумасына төрт туруктуу каттам дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, жума күндөрү аткарылып келген.
Күз-кыш мезгилинде Оштон кайсы мамлекеттерге учууга болот? Тизме