БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева үч тилдүү билим берүү системасын киргизүүнү сунуштады.
Эл өкүлү анын максаты келечек муундун кыргыз, орус жана анлгис тилинде эркин сүйлөшүн калыптандыруу болуп саналарын айтты. Негизгиси, тилдерди жайылтуу гана болбостон эл аралык аренада өлкөнүн кызыкчылыгын жана баалуулуктарын активдүү көрсөтө алган атаандаштыкка жөндөмдүү жаштарды чыгаруу экенин белгиледи.
"Кыргыз тили, Кыргызстан тарыхы сабактары кыргыз тилинде, дүйнөлүк тарых, орус тили, орус адабияты орус тилинде, ал эми химия, биология, информатика жана башка сабактар англис тилинде окутулса келечек муун үчүн маанилүү деп ойлойм. Англис тили чет тил катары гана окутулбастан билим берүүнүн бардык баскычтарында окутуу тили катары колдонулушу керек. Алдыңкы жогорку окуу жайларга дагы пилоттук режимде киргизүү зарыл. Албетте, реформага акча керек, бирок биз баштай берсек эл аралык уюмдар кол кабыш кылат деген ойдомун", — деди Темирбаева.
Ошондой эле ал кыргыз тилинин макамын жана анын маанилүүлүгүн четке какпай, тескерисинче, аны жайылтуунун тарапташы экенин эскертти.
"Бирок бир гана кыргыз тили менен эч жакка бара албайбыз, орус тили кошуна КМШ өлкөлөрү менен баарлашуу, иш алып баруу үчүн колдонулса, англис тилинде эл аралык аренага жол ачылат", — деди депутат.