23-декабрга карата аба ырайы

23-декабрда республиканын айрым аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Жума күнү күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -4…+1, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +2…+7, Ысык-Көл жеринде -2…+3, Нарында -7…-12 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -1…+1 жана Ош шаарында +5…+7 градуска жетет.
Нарында күн кандай болот? Бир жумага карата аба ырайы