Радио

КРде убактылуу кармоочу жайлар талапка жооп бербейт, кээ бири жер төлөдө жайгашкан

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун көзөмөл жана координациялоо бөлүмүнүн башчысы Бакыт Касымкулов өлкөдө убактылуу кармоочу жайлар талапка жооп бербей тургандыгын айтты.
Sputnik
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбору Кыйноолорго каршы коалициясы менен бирге Кыргызстандын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу жайларында кармоонун шарттары боюнча атайын изилдөө жүргүзүп, атласы түзүлдү. Бул тууралуу Бакыт Касымкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандагы убактылуу кармоочу 45 жайдын жетөө жер төлөдө жайгашкан.
"Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбору Кыйноолорго каршы коалициясы менен бирге Кыргызстандын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу жайларында кармоонун шарттары боюнча атайын изилдөө жүргүзүп, атласы түзүлдү. Изилдөө төрт айга созулуп, ички иштер органдарынын 45 убактылуу кармоочу жайы текшерилди. Тилекке каршы, ал жерлердин шарты санитардык талаптарга жооп бербейт. Имараттардын көбү мындан жарым кылым мурда курулуп, азыркы күндө толук оңдолууга же жаңы курулушка муктаж. Ар бир жаран улуттук борбордун сайтына кирип, бул маалыматтарды ала алат. Жыйынтыгында, 45 убактылуу кармоочу жайлардын жетөө жер төлөдө жайгашкан. Алар Кара-Суу, Сокулук, Кызыл-Кыя, Кадамжай, Ак-Талаа, Сузак жана Нарын шаарларында жайгашкан бөлүмдөр",— деди Касымкулов.