БИШКЕК, 21 дек — Sputnik. Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында президент Касым-Жомарт Токаевдин кабыл алуусунда болду. Бул тууралуу КР өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлады.
Токаев конокторго 20-21-декабрда Астана шаарында өткөн биринчи Борбор Азия медиафорумуна катышып бергени үчүн терең ыраазычылык билдирди.
© Фото / пресс-служба президента РК
Жолугушууга ошондой эле Түркиянын экс-президенти Абдуллах Гүл, Монголиянын мурдагы президенти Намбарын Энхбаяр дагы катышышты.
Токаев конокторго 20-21-декабрда Астана шаарында өткөн биринчи Борбор Азия медиафорумуна катышып бергени үчүн терең ыраазычылык билдирди.
Эскерте кетсек, өткөн жумада Казакстан президенти Токаев Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовду 2-даражадагы Достук ордени менен сыйлоо жөнүндө буйрукка кол койгон.