"Сахароводон" шек саноо: текшерүүгө Кыргызстандан дарыгерлер жөнөтүлүшү мүмкүн

Депутат шек жараткан диагноздун айынан үй-бүлөлөр бузулуп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Москвадагы "Сахарово" көп функционалдуу миграциялык борборундагы текшерүүлөр күмөн жаратканынан улам мекендештерди кошумча кароого Кыргызстандан дарыгерлер барышы мүмкүн.
Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков бул маселени бүгүн парламентте көтөрдү.
"Өткөндө "Сахарово" жагдайы боюнча маселе көтөргөнмүн. Ал жакта мекендештерибизди мажбурлап медициналык кароодон өткөрүп жатышат. 152 миңдей адам текшерилсе, 2000инен шек саналса, 1500дөйүнөн венерологиялык оорулар (жыныстык жол менен жугуучу) тастыкталыптыр. Анан элчилик Россиянын Башкы прокуратурасына жана Росздравнадзорго кайрылыптыр. Адегенде Росздравнадзор "жакшы айттыңар, буга чара көрөбүз" деп айткан экен. Кайра "Сахарово" туура кылыптыр, медициналык кароодон өткөрүш керек деп калыптыр", — деди депутат.
Кадырбеков шек жараткан диагноздун айынан үй-бүлөлөр бузулуп жатканын белгиледи.
"Анан Росздравнадзор "эгер ишенбесеңер Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинен дарыгерлерди жөнөткүлө" дептир. Андыктан сүйлөшүп, биздин адистерди жөнөткүлөчү, кошо текшеришсин. Болбосо кантип эле ушунча адам ооруп калсын, 60 жаштагы апалардан бери аныкталыптыр. "Сенден күткөн жок элем, акмак" деп ошол жерден бирине-бири талак берип жатыптыр. Үй-бүлө бузулуп жатат да. Анан ооруга шектелгендер бир эле жерде дарыланат экен. Ал жактагы кезекти айтпай эле коёюн эми", — деди Кадырбеков.
Андан соң төрага Нурланбек Шакиев бүгүн эртең менен тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди кабыл алып, аталган маселе боюнча сүйлөшкөнүн айтты. Ал учурда тиешелүү иштер жасалып жатканы тууралуу маалымат берген.
Кадырбеков: Россияда мигранттарды каттоо мыйзамын жеңилдетүү каралып жатат